Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Жакынкы күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 17-19-сентябрда өлкөнүн басымдуу аймактарында жаан, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт.

 

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрден ашат. Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүйдүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай аба-ырайы талаадагы жыйын-теримге, мал жаюуга жана байланыш, транспорт кызматтарынын ишине кыйынчылык жаратат.