АКШда миллиардер болгон байлыгын кайрымдуулукка которду.
Duty Free Shoppers тармагынын негиздөөчүсү Чарльз Фини 40 жылдан бери университеттерге жана коомдук уюмдарга жардам берип келген.
Эми 89 жашка келген Фини 8 миллиард доллардан ашык каражатты жардамга муктаждарга таратып берди. Кызыгы, ал акча кимден экенин айтчу эмес. Чарльз Фини Duty Free дүкөндөрүн 1960-жылы негиздеген. Көп өтпөй, ал миллионерлердин катарын толуктаса дагы, кадимки жашоосун уланта берген.