Өзгөндөгү борбордук базардын жанындагы өтмөк пайдаланууга берилбей келет

Өзгөндөгү борбордук базардын жанындагы өтмөк пайдаланууга берилбей келет.

Анын курулуш иштери 3 жыл мурда башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктаган.

Сметалык баасы 8,5 миллион сомду түзөт. Мамлекеттик экотех инспекциянын

аталган шаар боюнча башчысы Султанбек Байымбетов өтмөк курулуштардагы

кемчиликтерден улам кабыл алынбай жатканын билдирди.

Жер үстүнөн өтүүчү өтмөк 8,5 метр бийик болушу керек.

Бирок ал 7,9ду түзөт. Тепкичтери боюнча да ушундай кемчиликтер айтылууда.

Ал эми Байымбетов билдиргендей, мүчүлүштүктөр жоюлганда гана курулуш кабыл алынат.