ытайдан тарап жаткан коронавирустун белгилери айтылды

Кытайдан тарап жаткан коронавирустун жаңы түрү

алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолот.

Мындай маалыматты Ухань шаарынын саламаттыкты сактоо комитети жарыялады.

Декабрдын аягында аталган шаардын Хубей провинциясында белгисиз пневмониянын учуру катталды.

Эксперттер болжолдуу түрдө оорунун себептери коронавирустун жаңы түрү экендигин айтышууда.

11-январга карата медиктер коронавирустун жаңы түрү менен жабыркаган 41 адамды каттоого алып,

андан бир адам каза тапты. Аталган оору алгачкы этабында узак убакытка жеңил абалда болот.

Ал 30дан ашык вирустан турат. Илдетке адамдар, жаныбарлар жана канаттуулар чалдыгат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дарттын пайда болуу себептерин жана

аны менен күрөшүү жолун табууга чакырык таштады.