Кыргызстандык мигрант Арсланбап айылына мектеп куруп берди

Кыргызстандык мигрант Кубатбек Досматов Арсланбап айылына мектеп куруп берди.

2 кабаттуу имарат 180 окуучуга чакталган. Билим берүү мекемесинин ачылышы кечээ болду.

Беш чакырым аралыктан мектепке жөө каттаган башталгыч класстын

150 окуучусу кийинки жумадан тартып жаңы мектепте окуй башташат.

Жаңы имарат Арстанбап орто мектебинин бир бөлүмү катары иштейт.

Жарым кылым мурда салынган аталган мектепте 1,5 миңге жакын окуучу

үч нөөмөттө билим алышат. Ал эми жеке ишкер курулушка 6 миллион сом сарптады.