Өзгөндө жаандын кесепетинен 5 үйдүн короосун суу каптады

Өзгөн районунда жаандын кесепетинен Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ала-Кызыл айылында кокту-колоттордон келген сел суулар 5 турак үйдүн короосун каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ычам топ, айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ана-Кызыл жана Бостон айылдарында суунун нугу бурулуп, иш-чара толук аяктады.

Ал эми Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында тазалоо иш-чаралары жергиликтүү тургундар тарабынан жүргүзүлүдө.