Жаңы аныкталган 26 учур Ош жана Жалал-Абад облустарында.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда,
мындан тышкары дагы 4 адам көзөмөлгө алынды. Алардан учурда анализ
алынып жатат. Учурда жалпысынан Кыргызстан боюнча COVID-19 вирусун
жуктургандар 42 адамды түздү. Бейтаптар Бишкек, Ош, Ноокат,
Жалал-Абад жана Баткендеги ооруканаларга жаткырылган.