Баткен облусунун 3 айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди.
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Учурда Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына блок-посттор коюлуп жатат.
Эми дезинфекциялоо иштери аткарылат. Эске салсак,
бүгүн Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген алты адамдан
COVID-19 вирусу аныкталды. Алардын бешөө Сузактын,
бирөө Баткендин жашоочусу. Мындан улам буга чейин да
Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал жарыяланган.