Эртеңден баштап Кыргызстандагы бардык аба каттамдар токтотулат.
Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын
кээ бир район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу.
Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов белгилегендей,
өлкө ичинде республикалык штабдын макулдугу менен атайын
аба каттамдар гана уча алышат. Белгилүү болгондой, ички каттамдар
Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана
кайра аталган шаарлардан жүргүзүлчү.