Ысык-Көл облусунун кире беришинде көзөмөл түйүндөрү пайда болот.
Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиев билдиргендей,
түйүндөр «Балыкчы-Нарын» жана «Балыкчы-Бишкек» жолдорунда уюштурулат.
Бул чара облус калкынын саламаттыгы жана аймакка коронавирус илдетин
киргизбөө үчүн зарыл. Нөөмөттө милиция, саламаттыкты сактоо жана
жергиликтүү бийликтин кызматкерлери турушмакчы. Кошумчаласак,
«Каракол-Бишкек» жана «Балыкчы-Нарын» багыты менен жүргөн
каттамдагы унааларынын саны кыскартылды.