Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат.

Келишимге энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев менен

Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол коюшту.

Ага ылайык, быйыл августтан декабрга чейин Түркмөнстан 502 миллион

киловатт-саат электр энергиясын берет. Маалым болгондой, Түркмөнстан

9-августка чейин 19 миллион киловатт-саат электр энергиясын экспорттогон.

Ошондой эле коңшу өлкөдөн Кыргызстанга жаратылыш газын экспорттоо

боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.