Жаңы салык кодексинин күчүнө кириши менен азык-түлүккө болгон баалар көтөрүлбөйт

Жаңы салык кодексинин күчүнө кириши менен азык-түлүккө болгон баалар көтөрүлбөйт.

Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Бекболот Алиев

билдирди. Анын айтымында, жаңы редакцияда бир дагы мамлекеттик пошлинанын

ставкасы көтөрүлгөн жок жана жаңы салыктар киргизилген эмес. Алиев белгилегендей,

бийлик кичи бизнестен көп салык чогулткусу келсе жүгүртүүсү 8 миллион

сомдон ашпаган бизнесменерди төлөмдөрдөн бошотмок эмес.