Чүй облусунда логистикалык борборлор пайда болот

Чүй облусунда логистикалык борборлор пайда болот.

Турмуш басылмасы билдиргендей, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы айыл-чарба

дүң базарын түзүүгө 40 гектар жер бөлүнөт, ал эми Токмок шаарында агро-логистикалык

борборду курууга 5 гектар аянт берилет. Ал жерлерге жергиликтүү дыйкандардын товарлары кабыл алынат.

Андан кийин дүң баада экспортко чыгарылат. Борборлордо заманбап лабораториялар, интернет дүкөндөр болот.

Долбоорлорду ишке ашырууга каражатты Азия өнүктүрүү банкы бөлүп берет.