Синоптиктер алдыда калың кар күтүлөрүн эскертишет.
26-27-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кескин суук болуп, кар жаайт.
Алыскы райондордо жаан-чачын катуу болот. Линияларга жана бактарга кар жабышат.
Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, кар бүртүкчөлөрү пайда болот. Айрым
жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 17/22 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаалардын, байланыш,
энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.