Россиянын Оренбург облусундагы кыргызстандыктар өлкөгө жеткирилет

Россиянын Оренбург облусундагы кыргызстандыктар өлкөгө жеткирилет.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жарандарды Казакстан аркылуу

транзит менен чыгарып кетүү макулдашылды. Мекендештерди автобустардын колоннасы

бир нече этапта өлкөгө алып келет. Ведомстводон эске салышкандай, Россиядан

Кыргызстанга туруктуу аба каттамдар ачылганга чейин мекендештер өз алдынча

жолго чыкпай турушу зарыл. Учурда Москва, Новосибирски жана Екатеринбургдан

Кыргызстанга чартердик каттамдардын саны көбөйтүлдү.

Жарандарга элчилик жана консулдуктарга катталуу сунушталат.