Жаңы шайланган депутаттар ант берди

Жаңы шайланган депутаттар ант берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы эл өкүлдөрүнө күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырды.

 

Муну менен парламенттин 7-чакырылышы расмий түрдө ишке киришти. Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Добуш берүү аралаш система менен өттү. Эми 27-февралда эки округда кайра шайлоо өтөт.