Жаңы жылдын алдында мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери пиротехника сатуучу түйүндөрдү текшерет. novosti.kgге ведомстводон билдиришкендей, азыртан өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, шаар мэрлерине жана соода борборлорунун жетекчилерине расмий каттар жөнөтүлүүдө.
Инспекторлор эскертет: салют жана фейерверктер атайын белгиленген жерлерде гана сатылышы керек.
Декабрдын ортолорунан тарта бул эреженин аткарылышы текшерилип баштайт.