Нарын облусунун Жумгал районунда мектептер салттуу режимге өтүүдө. Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгына шилтеме келтирип “Турмуш” жазды. 300дөн көп эмес окуучу билим алган мектептердин бардык окуучулары 7-декабрдан тарта парталарына кайтып келет.
Ал эми 300дөн ашык окуучусу бар мектептердин 1-5-9-11-класстары гана салттуу билим алууга өтөт.
Белгилеп кетүүчү нерсе, аймакта коронавируска кабылгандардын саны өсүп кетсе, мектептер кайрадан аралыктан окутууга өткөрүлөт.