Аскердик тик учак авариялык абалда конгон аймакка 3 тез жардам бригадасы жөнөп кетти.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунун Ноокат районунун
Кичи-Алай аймагынан чакыруу түштү. Жабыркагандар ооруканага жеткирилгенден кийин
кошумча маалымат берилет. Кошумчаласак, Коргоо министрлиги МИ-8 МТ аскердик тик
учагы авариялык абалда конууга аргасыз болгонун тастыктады. Бортто 10го жакын адам болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, 3 адам анча чоң эмес жарат алды. Каза тапкандар жок.