Жакында Россиянын Москва жана Новосибирск шаарларынан Ысык-Көлгө жаңы туруктуу каттамдар ачылат

Жакында Россиянын Москва жана Новосибирск шаарларынан Ысык-Көлгө жаңы туруктуу каттамдар ачылат.

Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча 16-июндан баштап жумасына эки жолу — бейшемби жана ишемби күндөрү учат.

Ал эми дагы бир каттам 19-июндан тарта Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү учууну пландаштырууда.