Быйыл күзүндө шахмат боюнча адистерди даярдаган борбор түзүлөт

Быйыл күзүндө шахмат боюнча адистерди даярдаган борбор түзүлөт.

Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдиргендей, Арабаев атындагы универститетте жылына 500 бүтүрүүчү болсо, анын 100 бүтүрүүчүсүн ушул борбордон чыгаруу пландалууда.

Кийин аларды Баткен, Ош, Жалал-Абад сыяктуу аймактарга жөнөтүү каралууда.

Турпанов белгилегендей, муну менен шахмат өлкө боюнча жайылтылат.