Бишкек, Чүй жана Талас облустарында эмдөө түйүндөрү толук кандуу электр энергиясы менен камсыздалган

Бишкек, Чүй жана Талас облустарында эмдөө түйүндөрү толук кандуу электр энергиясы менен камсыздалган.

 

“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, бөлуштүрүүчү компаниянын бардык кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

 

Андан тышкары, вакцинаны сактоо жайын тынымсыз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кошумча булактарды иштеп чыгуу каралууда. Кошумчаласак, жалпысынан Чүй облусунда 107, Таласта 97 ал эми Бишкекте 46 эмдөө түйүнү иштеп жатат.