Жалал-Абад облусунда агродрон жана мотодельтоплан менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад облусунда агродрон жана мотодельтоплан менен

дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык

мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аба аркылуу

санитардык иштер алгач, короновируска шектүү жарндар жайгашкан

обсервациялар жана алар жашаган үйлөргө жүрөт. Андан кийинки

кезекте облустук оорукананын имараттары жана борбордук базардын

айланасы турат. Учуучу аппараттарды колдонуу менен дезинфекциялоо

иштерин айыл чарбаны колдоо борбору тарабынан аткарылып жатат.

Ага керектелүүчү атайын техника жана сарпталуучу

каражаттары да аталган борбор тарабынан.