Ушул жылдын 20-февралында Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.
Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин калаанын Пахта, Э.Осмонов, Э. Жуманазаров, Ленин көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт.
Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.