Баткен облусунда кичи ГЭС курулууда. Президенттин аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект электр энергия менен Кыштут айыл аймагын камсыздайт.
Курулуш иштерин жеке инвестор каржылып жатат. Долбоордун жалпы баасы 1 миллион доллардан ашат. Кичи ГЭС колдонууга ушул жазда берилип калат деп пландалууда.