Кыргызстандын энергетикалык тармагын башкаруудагы реформа сентябрда жыйынтыкталат. “Улуттук электр тармактары” компаниясынан билдиришкендей, алгач бир нече ишканаларды бириктирүү пландалууда.
Алсак, “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалал-Абадэлектр” компаниялары “Улуттук электр тармактарына” кошулат. Муну менен 1 миллиард сом үнөмдөлүп, каражат кубаттуулукту жогорулатууга багытталат.