Кыргызстандык футболчу Литванын клубу менен келишим түздү

Кыргызстандык футболчу Литванын клубу менен келишим түздү.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, өлкөнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Шерали Юлдашев Литванын премьер-лигасындагы “Дайнава” клубу менен иштешмей болду.

Юлдашев өткөн сезондо Швециянын “Умео” клубунда ойногон.

Ал улуттук курамада 2022-жылы Россия менен болгон жолдоштук беттеште дебют жасаган.