Жалал-Абадда беш жылдан бери бүтпөй турган бала бакча пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарында беш жылдан бери бүтпөй турган бала бакча пайдаланууга берилди.

Шаардык мэриядан такташкандай, мектепке чейинки мекеме эки кабаттан турат жана 100 орунга чакталган.

Пайдубалы 2017-жылы түптөлгөн бакчанын курулушу ушул убакка чейин  каражаттын тартыштыгынан улам токтоп турган.

Имаратка жергиликтүү бюджеттен 18 миллион 600 миң сомдон ашуун сарпталды.

Белгилеп кетсек, жыл башынан бери шаарда 180 жана 100 орундуу эки бала бакча пайдаланууга берилди.

Жалал-Абадда учурда төрт миңден ашуун бөбөк бакчага барат.