U-23: Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы биринчи орун алды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы биринчи орун алды.

Бишкектеги 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандыктар тогуз медалга ээ болушту.

Чемпионатта жалпы 10 салмак категория болсо, кыргыз балбандары тогуз салмакта байгелүү орундарга илинди.

Муну менен Кыргызстандын курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө 205 упай топтоп, биринчи орунга татыды.

Ал эми экинчи орунга Индия, үчүнчүгө Казакстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жайгашты.