Жалал-Абадда орус тилин акысыз үйрөтүүчү борбор ачылды

Жалал-Абад шаарындагы Славян диаспорасынын имаратында орус тилин үйрөнүү борбору ачылды.

Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Борборду ачуу аземине Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Малика Мустапакулова, Оштогу Россиянын илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, Славян диаспорасынын өкүлү Виктор Малюженко, жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана мектеп директорлору катышты.

Орус тилин үйрөнүү борбору окуучулардын орус тили боюнча билимин тереңдетүүгө жардам берет.

Бул өз кезегинде алардын Россиянын жогорку окуу жайларына бюджеттик орундарга окууга өтүүгө өбөлгө түзөт.