Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

«Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Имангазиев Алмаз Кулубекович КР тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.