Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев салтанаттуу түрдө кызматына киришти.
Бул тууралуу «Казинформ» эл аралык маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, инаугурация аземи Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында өтүүдө.
Ошентип, Казакстан Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, жаңы шайланган мамлекет башчысы ант берди.
Казакстандын шайланган президентинин инаугурациясынын урматына ант бергенден кийин мамлекеттик гимн аткарылып, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын президентинин күбөлүгүн тапшырды.
Эске салсак, 2022-жылы 20-ноябрда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өткөн.
Анын жыйынтыгында Токаевге 6 млн 456 миң 393 шайлоочу (81,31%) добуш берген.