Жалал-Абад шаарындагы Ибраимов көчөсүн реконструкциялоо иши башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөнүн узундугу 1 миң 151 метрди, туурасы 14 метрди түзөт.
Учурда жолдун эски асфальтын сыйруу жумушу жүрүп жатат. Алдыда жаңыдан асфальт төшөлүп, темир-бетон арык куурларын жаткыруу иштери жасалат.
Белгилеп кетсек, курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда.