Бишкекте муктаж жарандарга 50 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
Бул тууралуу вице-мэр Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, сумма өкмөт,
мэрия, бизнес өкүлдөрү, араб фонддору тарабынан каржыланды. Жардам азык-түлүк
топтомун камтыйт. Бакетаев белгилегендей, калаа аймагында коронавирус
жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча мэриянын алдында
ачылган атайын эсепке 4,5 миллион сом чогулду.