Бишкектин автобус-троллейбустарына сырткы жарнама эми чапталбайт

Бишкектин автобус-троллейбустарына сырткы жарнама эми чапталбайт. Бул тууралуу Novosti.kg ге  “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди.

 

Анын айтымында, ведомство бул идеядан баш тартты. Анткени, чаптама кагаздар автобустардын каркасына зыян тийгизүүдө. Натыйжада, аны кайра калыбына келтирүүгө жарнамадан түшкөн каражаттан дагы көп чыгым кетип жатат.