Жалал-Абаддагы мекемелерде кабыл алуу телефондор аркылуу гана жүрөт

Жалал-Абаддагы мекемелерде кабыл алуу телефондор аркылуу гана жүрөт. Мэриянын маалыматына ылайык, Сузак районунда коронавирус катталгандыгына байланыштуу Жалал-Абаддагы мамлекеттик мекемелер менен ишканаларга вирусту алдын алуу ирээтинде күчөтүлгөн тартипти кабыл алды.

 

Анда мекемелердин кызматкерлеринен башка бир дагы адам имаратка кире албайт. Ал эми кызматкерлер менен телефон аркылуу гана байланышууга болот.