Кыргызстандын сактоочу жайларында азык-түлүктүн запасы жетиштүү. Буга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев ишендирүүдө. Анын айтымында, аларга болгон баалар күн сайын козөмөлдөнүп жатат.
Чиновник белгилегендей, Жалал-Абад облусунда 3 адамда коронавирус аныкталганы белгилүү болгондон кийин, жергиликтүү тургундар массалык түрдө ун сатып алышууда. Учурда жергиликтүү бийлик органдары жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.