Өкмөт коронавируска байланыштуу антикризистик план иштеп чыгат

Өкмөт коронавируска байланыштуу антикризистик план иштеп чыгат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарыялады. Өкмөт башчы белгилегендей, дүйнөнү каптаган коронавирустун кесепетинен Кыргызстандын экономикасы жабыркап, өкмөт бардык тобокелчиликтерди кыскартуу аракетин  көрүшү керек.

 

Импорттун лидери болгон Кытайдын ордуна башка мамлекеттерди табуу зарыл.  Бул үчүн альтернативалык рынокторду издөө иштерин күчөтүп, бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу кажет, — деди Абылгазиев.