Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификаттарга ээ болгон бүтүрүүчүлөр каалаган жогорку окуу жайда акысыз окуй алат

Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификаттарга ээ болгон бүтүрүүчүлөр каалаган жогорку окуу жайда акысыз окуй алат.

 

Бизге Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, абитуриенттердин тандоосуна арзыган университеттер аларды сынагы жок эле кабыл алат.

 

Эске салсак, өлкөдө жогорку көрсөткүчтү 58 бүтүрүүчү алды.

 

Эң мыкты жыйынтык Караколдун кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиевде. Ал мүмкүн болгон 250 упайдан 232 балл топтоду.