Бүгүн Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 3-туру старт алды.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бюджеттик негизде окууга өтүү үчүн
негизги тестирлөөдө 110, предметтикте 60 упай болушу керек. Ал эми келишимдик негизде
билим алууга босого упай – 105 балл деп орнотулду. Эске салсак, быйыл эпидемиологиялык
кырдаалга байланыштуу ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн форматында аралыктан жүргүзүлүп жатат.