Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун жактырды.

 

Фонд Кыргызстандын аймагында катталган ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү багытында долбоорлорду ишке ашырат.

 

Анын уставдык капиталы алгач  50 миллион доллар болот. Кийин анын көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүү пландалууда. Каражатты өзбек бийлиги берет.