Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге жакын абитуриент катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге жакын абитуриент катталды. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, бул көрсөткүч азырынча акыркы эмес, анткени маалыматтар дагы эле келип түшүүдө.

 

Эске салсак, быйыл ЖРТ 17-майдан 25-майга чейин өтөт.