Арча-Бешикте 464 орундуу бала бакча ачылды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда №19 бала бакча ачылды. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүүчү мекеме 284 орунга көбөйтүлүп, 180 баланын ордуна эми 464 баланы кабыл алат.

 

Эки кабаттуу имаратта бардык зарыл шарттар түзүлгөн.