Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 24-июндан 4-июлга чейин белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 24-июндан 4-июлга чейин белгилүү болот. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, бүтүрүүчүлөргө сертификаттар мектептерде тапшырылат.

 

Эске салсак, Кыргызстанда абитуриенттердин билимин сыноо 2 тур менен 24-майдан 28-майга чейин өттү. Үчүнчү тур жүйөлүү себептер менен тестирлөөгө катыша албай калгандар үчүн июлда өтөт.