Баткен районунда 1-класстын окуучулары 15-октябрдан тарта салттуу форматта окуп баштайт

Баткен районунда 1-класстын окуучулары 15-октябрдан тарта салттуу форматта окуп баштайт. Бул тууралуу аймактын администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондо жалпысынан 53 мектеп бар, алардагы биринчи класстын окуучуларынын саны 2 миң 227ни түзөт.

 

Учурга карата мектептер балдарды кабыл алууга даярдалып, дезинфекция иштери аткарылууда.

 

Эске салсак, 1-сентябрдан тарта 1-класстын окуучулары мектептерге келип окуп жаткан, бирок өлкөдөгү башаламандыктардан улам, аларды онлайн форматка өткөрүү чечими кабыл алынган.