Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектеп курулууда

Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат.

 

Учурга карата аткаруучу компания окуу корпусунун чатырын төшөп жатат. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 900 миң долларды түзөт. Курулушка каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген.

 

Объект ушул жайда колдонууга берилип. Мектеп жаңы окуу жылынан тарта окуучулар үчүн каалгаларын ачат.