Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызы эл аралык турнирдин финалына чыкты

Бүгүн, 3-июнда коңшу Казакстандын Алматы шаарында рейтингдик делген Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринин экинчи күндүк беттештери уланды.

 

Мелдешке 82 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов рейтингдик турнирдин финалына чыкты. Ал жарым финалда грузиялык Торнике Дзамашвили аттуу балбанды 4:1 эсебинде жеңип алды.

 

Эми финалда Акжол Махмудов ирандык Пежман Поштам аттуу балбан менен кез келет.

 

Ошондой эле ушул эле салмак категорияда Калидин Асыкеев коло байге үчүн күрөшөт. Анын атаандашы казакстандык Шамиль Батыров болот.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалга чыкты. Анын финалдагы атаандашы египеттик Самар Амир Хамза аттуу балбан болот.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө старт алат.