Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июндун ортолорунда белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июндун ортолорунда белгилүү болот. Бул тууралуу бизге Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, тесттин жыйынтыгы бир айдан кийин чыгарылып, абитуриенттерге сертификаттар райондук билим берүү борборлорунда тапшырылат.

 

Эске салсак, ЖРТнын биринчи этабы 19-майда башталган, сынак 24-майга чейин өтөт. Ал эми кечиккен тест 23-24-июнга белгиленди.