Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы быйыл өзгөрбөйт

Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы быйыл өзгөрбөйт. Анын себеби тууралуу кененирээк Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.

 

Каттоо төлөмү быйыл былтыркыдай эле 370 сомду түзөт. Ар бир 3 жылда министрлик тендер жарыялайт. Ошол жерде сумма 3 жыл өзгөрбөшү керек деген талап бар. Быйыл тесттин өткөрүлүшүнүн үчүнчү жылы. Демек, ушул талап боюнча 370 сом калат

 

Эске салсак, учурда мектеп бүтүрүүчүлөрү электрондук түрдө жалпы республикалык тестирлөөгө катталууда. Каттоо 6-апрелге чейин созулат.