Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туруна катталуу үчүн абитуриенттерде 3 күн калды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туруна катталуу үчүн абитуриенттерде 3 күн калды. Каттоо 23-июнга чейин жүргүзүлөт.

 

Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, тесттин өзү 24-25-июнда Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

 

Белгилеп кетсек, кеч тестке Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги этабына жүйөлүү себептер менен катыша албай калгандар катталат.